Абитуриент Онлайн | Суроолор-Жооптор

“Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы төмөнкү максаттарда иштелип чыккан:

  • Кыргыз Республикасынын КООЖдоруна кабыл алууда абитуриенттердин сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн электрондук түрдө арыз берүү жолу менен камсыз кылуу;
  • сынакка катышуу үчүн абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү аркылуу борборлоштурулган эсепке алуу системасын түзүү;
  • региондордогу абитуриенттерге КООЖдорго тапшыруу үчүн сынакка КООЖ жайгашкан жерге барбастан, катышууга мүмкүнчүлүк берүү.

КООЖдорго тапшыруу үчүн төмөнкү документтер керек:

  • паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • аттестат же 9 класстын куболугу;

КООЖдорго бюджеттик орундардын өзүнчө квоталарынын алкагында бюджеттик негизде окууга абитуриенттердин төмөнкү категориялары кабыл алынат:

  • I, II топтогу майыптар,
  • бала кезинен майыптар,
  • майып-балдар,
  • жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар,
  • 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары,
  • кайрылман статусуна ээ болгон адамдар.

Сынак учурдагы жылдын жалпы республикалык тестирлөөсүнүн жыйынтыктары боюнча өткөрүлөт. КООЖдун кабыл алуу комиссиясына документтерди берүүдө жеңилдикке ээ болууга талапкер абитуриент тастыктоочу документтерин бериши керек.

Сынактан тышкары контракттык орундарга төмөнкүлөр кабыл алынат:

  • тоголок жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (учурдагы жылдын 1-октябрына карата 18 жашка чыккан);
  • медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча тандап алган даярдоо адистиги боюнча КООЖдо билим алууга тыюу салынбаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар

Сынакка катышуу үчүн АИСте катталуу учурунда жеңилдикке ээ болуу укугу бар же кабыл алууда артыкчылыктуу укукка ээ абитуриенттер тастыктоочу документтерди тиркеши керек.

Тастыктоо үчүн Сиз АИСке электрондук түрдө төмөндөгү документтерди тиркешиңиз керек:

  • паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом;

Кабыл алуу процедурасы бузулган учурда Сиз 110 номери же 2020.EDU.GOV.KG@GMAIL.COM почтасы аркылуу арыз бере аласыз

Ооба, системада 1-тур башталганга чейин катталуу керек.

Окуу жайдагы багыттарга турлардын расписаниесине жараша катыша аласыз.

Сынактын ар бир турунда бюджеттик же контракттык негизде окууга сынакка катышуу үчүн бирден гана өтүнмө бере аласыз. Өтүнмөлөрдү бир КООЖго же эки башка КООЖго тапшырууга болот.

Кыргыз Республикасынын КООЖдорунда башка мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдары же жеке жарандар менен келишимдердин негизинде ишке ашырылат.

Сиз сыр сөздү өзгөртүү формасын толтурасыз, сизге жаңыланган сыр сөз менен СМС телефонуңузга келет. https://2020.edu.gov.kg/spuz/recover/
Инструкция

Жеке бөлмөңуздөн, докементтерди кайтаруу процедурасын тур бүткөндөн кийин толтурасыз.
Бул процедураны Сиз кийинки тур баштала электе өтүүңүз зарыл.

Бюджеттик орунга кабыл алынган (бюджеттин ээси) ар бир студент КООЖ менен келишимге кол коет, анда студенттин укуктары жана милдеттери көрсөтүлөт.

Келишим, окуу жылдын башында окуу жайда түзүлөт.

Педагогикалык жана медициналык адистиктердин бүтүрүүчүлөрү КООЖду аяктагандан кийин багыты боюнча 3 жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Иштеп берүүдөн баш тарткан учурда ал бүтүрүүчү окуу жайга мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө адисти даярдоого сарпталган чыгымдардын ордун толукташы керек.

Кандай болбосун адистик боюнча гранттык негизде билим алган студенттер төмөнкү учурларда окуу жайга мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө адисти даярдоого сарпталган чыгымдардын ордун толукташы керек:

- жүйөлүү себепсиз же жеке каалоосу боюнча КООЖдон чыгарылган учурда;

- келишим боюнча окуунун наркын төлөө менен окууга өткөндө же окшош эмес адистиктерге которулууга байланыштуу КООЖдон чыгарылган учурда.

Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө окутуунун наркынын ордун толуктоодон окуунун наркын төлөө менен окуусун калыбына келтирген жана окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдү жеке бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жолдомосу боюнча иштеп берүү милдетин аткарууга макул болгон адамдар бошотулат (КР ИИМ Академиясында билим алган адамдардан тышкары).

Документтердин түп нускасын Сиз окуу жылдын башында беришиңиз керек.

Кошумча сынактар КООЖдор тарабынан өз алдынча 1-тур башталганга чейин өткөрүлөт. Аларды тапшыруунун мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө Сиз тиешелүү КООЖдун кабыл алуу комиссиясына кайрылып алсаңыз болот.

Байланыш үчун сиз АИСтен КООЖдор бөлүмүнөн байланыш телефондорун таба аласыз.

Билими жөнүндөгү документтин орточо баасын эсептөө үчүн тиркемедеги баалар өз ара суммаланат жана алынган суммасы бардык предметтердин жалпы санына бөлүнөт, бул суммага профилдик предметтин баасы кошулат. Медициналык колледждерде жалпы баллды аныктоо үчүн билими жөнүндөгү документтин орточо баасы, профилдик предметтин баасы жана кирүү сынактарынын жыйынтыктары суммаланат.

Сынакка катышуу үчүн «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системада гана катталуу керек.

Системадан КООЖдун кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн байланыш телефондорун көрө аласыз, алар боюнча Сиз консультация алсаңыз болот.

  1. Жакшы баа алса бюджеттик орундарга жана окутуу акысын төлөө менен келишим боюнча конкурстан сырткары кабыл алынчуулар:

- тоголок жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (ошол жылдын 1-октябрына карата 18 жашка чыга электер);

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча даярдыктын жана адистиктин тандаган багыты боюнча коождо окуса болуучу адамдар;

- тандаган коождогу багыттар жана адистиктер боюнча эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү (ошол жылы 1-3-орундарды алгандар), эгерде олимпиадалык сабак профилдик болсо.

  1. "Спорттун чеберлигине талапкер", "Кыргыз Республикасынын спортунун чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спортунун чебери" спорттук наамдары бар спортсмендер, мөөнөттүү аскер кызматынан өткөн абитуриентке мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик билим берүү мекемелерине тапшырууда бюджеттик орунга жана окутуу акысын төлөө менен келишим боюнча орундарга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.
  2. Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк чемпионаттардын жана Азиялык оюндардын чемпиондору жана призерлору дене тарбия жана спорт тармагындагы адистиктери даярдоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик билим берүү мекемелеринде билим алуу үчүн сынаксыз (экзаменсиз, тестирлөөсүз жана маектешүүсүз) кабыл алынат.

Сиз телефон номерди өзгөртүү формасын толтурасыз, сизге жаңыланган сыр сөз менен СМС жаңы телефонуңузга келет. https://2020.edu.gov.kg/spuz/change/