Главная / Вопросы-Ответы
1. «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык система эмне үчүн керек?
“Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы төмөнкү максаттарда иштелип чыккан:
2. ЖОЖго тапшыруу үчүн кандай документтер керек?
ЖОЖго тапшыруу үчүн төмөнкү документтер керек:
3. ЖОЖдорго тапшырууга сынакка кимдер катыша алат?
ЖОЖдорго сынакка негизги тест боюнча белгиленген босого баллдан жогору алган абитуриенттер катыша алышат.
Тиешелүү предметтик тесттердин жыйынтыктары боюнча босого баллдан жогору балл алган абитуриенттер негизги жана кошумча предметтик тесттердин баллынын суммасы боюнча сынакка катышышат жана кабыл алууга артыкчылыктуу укукту колдонушат. Өзгөчөлүк медициналык адистиктери үчүн, аларга тапшыруу үчүн негизги тест (босого баллдан жогору) жана химия, биология боюнча предметтик тесттер (ар бир предмет боюнча босого баллдан жогору) милдеттүү болуп саналат.
5. ЖОЖдорго гранттык негизде окууга кабыл алууда жеңилдиктерге кимдер ээ?
ЖОЖдорго гранттык орундардын өзүнчө квоталарынын алкагында гранттык негизде окууга абитуриенттердин төмөнкү категориялары кабыл алынат:
Сынак учурдагы жылдын жалпы республикалык тестирлөөсүнүн жыйынтыктары боюнча өткөрүлөт. Сынакка министрлик тарабынан белгиленген босого баллга барабар же андан жогору балл алган абитуриенттер катышат (2022-жылы – 110 балл). ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына документтерди берүүдө жеңилдикке ээ болууга талапкер абитуриент тастыктоочу документтерин бериши керек.
Гранттык негизде окууга сынактан тышкары учурдагы жылдын эл аралык жана республикалык олимпиадаларында жеңүүчү жана байгеге ээ болгондор, олимпиаданын предмети профилдик болуп саналган адистиктер боюнча, ошондой эле учурдагы жылдын «XXI кылымдын интеллектуалдары» республикалык сынактын жеңүүчүлөрү жана байгеге ээ болгондор, алардын жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу шартында, сынактын номинациясы дал келген техникалык профилдеги адистиктерге жана даярдоо багыттарына.
6. ЖОЖдорго контракттык негизде окууга кабыл алууда жеңилдиктерди кимдер колдоно алат?
Оң баага ылайык болгон балл болгон учурда сынактан тышкары контракттык орундарга төмөнкүлөр кабыл алынат:
7. ЖОЖго кабыл алууда артыкчылыктуу укуктарды кимдер колдонот?
Башка бирдей шарттарда кабыл алууда артыкчылыктуу укукка төмөнкү абитуриенттер ээ:
8. ЖРТнын сертификаты канча жыл жарактуу?
ЖРТнын сертификаты учурдагы жылы гана жарактуу.
Өзгөчөлүк: мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриенттин ЖРТ сертификаты 3 жыл бою жарактуу, башкача айтканда, быйылкы жылы абитуриенттердин аталган категориясы сынакка катышуу үчүн 2020, 2021-жылдын сертификатын колдоно алат.
9. Кабыл алууда жеңилдикке ээ абитуриенттер сынакка кантип катышышат?
Сынакка катышуу үчүн АИСте катталуу учурунда жеңилдикке ээ болуу укугу бар же кабыл алууда артыкчылыктуу укукка ээ абитуриенттер тастыктоочу документтерди тиркеши керек.
10. ЖРТнын артыкчылыктуу сертификатына ээ болгон абитуриенттер ЖОЖдорго кантип кабыл алынат?
2022-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча негизги тест боюнча жогору балл алган 50 абитуриент өз тандоо менен Кыргыз Республикасындагы гранттык орундар бөлүнгөн мамлекеттик жогорку окуу жайынын каалаган адистигине же даярдоо багытына сынаксыз кабыл алынууга укуктуу. Кабыл алуу министрлик тарабынан биринчи тур башталганга чейин ишке ашырылат.
Кабыл алуу жөнүндө арыз берүүнүн эрежелери артыкчылыгы менен сертификаттын арткы бетинде көрсөтүлгөн.
11. Кайсы учурларда абитуриент сынакка катышуу үчүн өтүнмө берүүгө укугу жок?
Негизги тест боюнча босого баллдан төмөн балл алган абитуриенттер сынакка катыша албайт.
Медициналык адистиктерге карата сынакка негизги тест боюнча босого баллдан төмөн балл алган же милдеттүү предметтик тесттин бирөөнөн төмөн балл алган абитуриенттер катыша албайт.
12. Кайсы ЖОЖдорго ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү эмес?
Кыргыз улуттук консерваториясынын, КР Улуттук көркөм-сүрөт академиясынын, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынынын адистиктерине кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү эмес, сынак ЖОЖдордун өздөрүнүн кирүүчү сынактарынын жыйынтыктары боюнча өткөрүлөт.
Мындан тышкары, “Көркөм билим берүү”, “Көркөм сүрөт искусствосу” жана “Дене тарбия” багыттарына тапшыруу үчүн ЖРТнын жыйынтыктары милдеттүү эмес.
13. Абитуриенттердин категориялары эмне үчүн керек?
Гранттарга ээ болууга талапкер абитуриенттер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
Гранттык орундарга сынак ар бир категориянын алкагында өзүнчө өткөрүлөт, б.а. айылдагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү сынакта Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү менен атаандашышпайт ж.б. Бул ченем жашаган жерине карабастан бардык абитуриенттерге жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берүү максатында киргизилген.
14. ЖОЖдо окууну каалоону тастыктоо үчүн кандай документтерди бериш керек?
Тастыктоо үчүн Сиз АИСке электрондук түрдө төмөндөгү документтерди тиркешиңиз керек:
15. Сынакты өткөрүү процедурасы бузулган учурда кантип арыз берүү керек?
Кабыл алуу процедурасы бузулган учурда Сиз АИСтеги жеке кабинетиңиз аркылуу арыз бере аласыз:
16. Мен 1-тур башталганга чейин сынакка катышуу үчүн каттала аламбы?
Ооба, системада 1-тур башталганга чейин катталуу керек.
Окуу жайдагы багыттарга турлардын расписаниесине жараша катыша аласыз.17. Ар бир турда мен канча ЖОЖду жана адистикти тандай алам?
Сынактын ар бир турунда гранттык же контракттык негизде окууга сынакка катышуу үчүн бирден гана өтүнмө бере аласыз. Өтүнмөлөрдү бир ЖОЖго же эки башка ЖОЖго тапшырууга болот.
Гранттык негизде окууга сынакка Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандары ЖРТга катышкан жана босогодон жогору балл алган шартта катышууга укуктуу.
19. Эгерде мен сыр сөздү жоготуп алсам, эмне кылуу керек?
Сиз сыр сөздү өзгөртүү формасын толтурасыз, сизге жаңыланган сыр сөз менен СМС телефонуңузга келет.
https://2020.edu.gov.kg/changepassword21. ЖОЖго гранттык негизде окууга кабыл алынган студенттин милдеттери кандай?
Гранттык орунга кабыл алынган (гранттын ээси) ар бир студент ЖОЖ менен келишимге кол коет, анда студенттин укуктары жана милдеттери көрсөтүлөт.
Келишим, окуу жылдын башында окуу жайда түзүлөт.
Педагогикалык жана медициналык адистиктердин бүтүрүүчүлөрү ЖОЖду аяктагандан кийин багыты боюнча 3 жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Иштеп берүүдөн баш тарткан учурда ал бүтүрүүчү окуу жайга мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө адисти даярдоого сарпталган чыгымдардын ордун толукташы керек.
Кандай болбосун адистик боюнча гранттык негизде билим алган студенттер төмөнкү учурларда окуу жайга мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө адисти даярдоого сарпталган чыгымдардын ордун толукташы керек:
- жүйөлүү себепсиз же жеке каалоосу боюнча ЖОЖдон чыгарылган учурда;
- келишим боюнча окуунун наркын төлөө менен окууга өткөндө же окшош эмес адистиктерге которулууга байланыштуу ЖОЖдон чыгарылган учурда.
Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө окутуунун наркынын ордун толуктоодон окуунун наркын төлөө менен окуусун калыбына келтирген жана окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдү жеке бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жолдомосу боюнча иштеп берүү милдетин аткарууга макул болгон адамдар бошотулат (КР ИИМ Академиясында билим алган адамдардан тышкары).
22. ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына документтердин түп нускасын качан беришим керек?
Документтердин түп нускасын Сиз окуу жылдын башында беришиңиз керек.
23. Кошумча сынактарды талап кылган адистиктерге сынак кандай өткөрүлөт?
ИИМ Академиясынын, КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун адистиктерине кирүү үчүн сынакка катышууга ЖРТдан да, аталган ЖОЖдордун кошумча сынактарынан да ийгиликтүү өткөн абитуриенттерге мүмкүнчүлүк берилет.
Кошумча чыгармачылык сынактарды өткөрүүнү талап кылган башка адистиктерге карата сынактарга (Архитектура, Шаар куруу, Архитектуралык чөйрөнүн дизайны, Костюмдун жана текстилдин искусствосу) ЖРТдан да, ошондой эле аталган ЖОЖдордун кошумча чыгармачылык сынактарынан да ийгиликтүү өткөн абитуриенттер катыша алышат.
АМС аркылуу багыттарга катталуу бул, сөзсүз аткарылуучу процедура.24. Кошумча сынактардан каякта жана качан өтүү керек?
Кошумча сынактар ЖОЖдор тарабынан өз алдынча 1-тур башталганга чейин өткөрүлөт. Аларды тапшыруунун мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө Сиз тиешелүү ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына кайрылып алсаңыз болот.
Байланыш үчун сиз АИСтен ЖОЖдор бөлүмүнөн байланыш телефондорун таба аласыз.25. Жалпы республикалык тестирлөөнүн предметтик тести кантип эске алынат?
Тиешелүү предметтик тесттердин жыйынтыктары боюнча босого баллдан жогору балл алган абитуриенттер негизги жана кошумча предметтик тесттердин баллынын суммасы боюнча сынакка катышышат жана кабыл алууга артыкчылыктуу укукту колдонушат.
Өзгөчөлүк медициналык адистиктери үчүн, аларга тапшыруу үчүн негизги тест (босого баллдан жогору) жана химия, биология боюнча предметтик тесттер (ар бир предмет боюнча босого баллдан жогору) милдеттүү болуп саналат.
26. Мен ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына келип, сынакка катышуу үчүн ошол жерде катталсам болобу?
Сынакка катышуу үчүн «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системада гана катталуу керек.
Системадан ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн байланыш телефондорун көрө аласыз, алар боюнча Сиз консультация алсаңыз болот.
27. Максаттуу орундарга тапшыруу үчүн кандай документтер керек?
Максаттуу орундарга карата сынакка катышуу үчүн конкреттүү адистик боюнча максаттуу окутууга жолдомонунун скан көчүрмөсүн өздүк кабинетиңизден жүктөө зарыл.
Максаттуу орундарга тапшырган абитуриенттер менен аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын территориясында милдеттүү түрдө ишке бөлүштүрүү жөнүндө студенттин, ЖОЖдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.
https://2020.edu.gov.kg/listdocsenrol28. Мен жайкы конкурс менен окуу жайга окуп жатсам, кышкы кабыл алууга катыша аламбы?
Ооба, сиз университеттен чыгарылган шартта кире аласыз. Бул учурда, сиз бардык зарыл болгон документтерди, анын ичинде Университеттен чыгаруу жөнүндө буйрукту жүктөшүңүз керек
Керектүү документтер
Форманы толтурунуз